Интернетте ызы-чуу жараткан сүрөт боюнча өкмөт түшүндүрмө берди

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 20:04
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министрлиги ар күн сайын кыргызстандыктарды беткаптарды тагуу менен өз ден-соолугуна кам көрүүнү суранып, дайыма маска тагууга жана социалдык аралыкты сактоого үндөп келет.

Катардагы жарандардан карантин эрежелерин катуу талап кылган аткаминерлердин өздөрү беткапсыз аралыкты сактабай жүргөн сүрөтү жарыяланды. Анда өкмөт башчы баш болуп ондогон адамдар беткап тагынбай турушат. Социалдык тармактарда «өкмөт өзү санитардык эрежелерди сактабай жатат» деген сын-пикирлер айтылууда.

Ызы-чуу жараткан талкууга өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берди.

Анда Чыңгыз Эсенгул уулу өкмөттүн коронавирустун жайылышын алдын алуудагы аракетин бир сүрөт менен жокко чыгарбоону суранган. Ошондой эле коомчулуктан кечирим сурап, аппараттын ар бир кызматкери күн сайын эртең менен ишке келгенде дене табы текшерилерин, иште сөзсүз беткап тагынышарын билдирген.

Урматтуу достор, кесиптештер!Эстелик үчүн түшкөн сүрөттү көрүп каап дегени да, бетим дегени да бар, урушуп тилдеп…

Geplaatst door Chyngyz Esengul Uulu op Donderdag 18 juni 2020

.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.