Финпол: Бишкек мэриясынын үч кызматкери кармалды

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 16:17
0 ой-пикир

Бишкек мэриясынын үч жана коммерциялык мекеменин бир кызматкери лифт оңдоо маалында мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш кылган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жаткан адамдардын үчөө Бишкек мэриясынын кызматкерлери болгон. Тагыраагы, Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Б.Н., орун басары М.У. жана учурда иштеп жаткан И.А. аттуу кызматкер. Ал эми коммерциялык ишканалардын биринин өкүлү учурда Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Мэрия кызматкерлерине карата Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

«Муниципалдык менчикте турган лифттерди модернизациялоо иштерине 24 миллион сом кетери көрсөтүлгөн. Чындыгында бул баа эки эсе арзан болушу керек болчу. Мындан тышкары, адистер карап чыкканда кеп болуп жаткан лифттер жашоо жана ден соолук үчүн кооптуу экени аныкталды. Демек, аны орнотууда бир катар эрежелер бузулган», — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.