COVID-19: Милициянын кайгуул кызматы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда

Окуялар тизмеги 18 Июн 2020 13:47
0 ой-пикир

Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында жана өзгөчө кырдаал режиминин улануусуна байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын түзүмдүк бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы COVID-19 илдетин алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө, саламаттык сактоо жана ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлери менен биргеликте борборго кире бериштеринде санитардык–карантиндик постордо күнү-түнү текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Постордо кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин негизги милдети жол кыймылынын жана коомдук коопсуздукту сактоо. Кырдаалга жараша кызматкерлер жарандарга жеке коопсуздукту сактоону, эл көп топтолуучу жерлерге барбоону, кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле кылууну сунуштоодо.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы чектөө чараларын сактоо зарылчылыгын эскертип, мүмкүн болушунча жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп, зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун сунуштайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.