Батукаевдин иши: прокурор Атамбаев менен Жолдубаеваны 15 жылга кесүүнү сурады

Окуялар тизмеги 17 Июн 2020 00:36
0 ой-пикир

Биринчи май райондук сотунда «Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу иши» боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоонун жазык иши каралууда.

16-июндагы отурумда сот тараптардын жарыш сөздөрүнө өттү. Прокурорлор тобу айыпталуучулар А.Атамбаев менен Жолдубаевага 15 жылга, Раимжанов менен Качкыналиевди 13 жылга соттоону суранды.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (мурдагы башкы прокурор), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.