Коронавирус киши тандабайт же экинчи толкун тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Июн 2020 21:05
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн

Азыр жашоо кадимки калыбына келип, коронавирус жоктой сезилүүдө. Коронадиссиденттер эч кандай вирус жок, COVID-19 вирусу адамдарды эмдейбиз деген шылтоо менен чип коюу үчүн дүйнө өкмөттөрү ойлоп тапкан оору дешүүдө.

Алар пандемия башталганда аргумент катары айланасында ооругандар жок экенин айтышып, бар болсо издеп көргүлө деп жатышты.

Кыргызстандыктар да буга ишенип алышты, өзгөчө абал киргизилгенде социалдык тармактарда бул тема кызуу талкууга алынып, коронавирус барбы же жокпу, ишенебизби же ишенбейбизби деген талаштар көп болду.

Врачтар каза болуп баштаганда гана ишенүү керектиги түшүнүктүү болду. Андан соң экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин коронавирустан көз жумганы да өлкөдөгүлөрдүн шаштысын кетирди. Бирок санитардык эрежелерди сактоого үйрөткөн жок.

Өзгөчө абал алынгандан кийин көпчүлүк кафелерге жана ресторандарга, дүкөндөргө, базарларга, тоого жөнөштү. Анан албетте, көпчүлүк беткап деле тагынбай, социалдык аралыкты сактаган жок.

Тилекке каршы, аткаминерлер өздөрү да үлгү болуп бере алышкан жок. ММКлар жана социалдык тармактарда алардын эрежени сактабай жаткан сүрөттөрү байма-бай жарыяланып келет. Ошол эле Кубатбек Боронов республикалык штабдын жыйындарында беткап кийип, бирок аймактарга чыкканда беткапсыз эле жүрөт. Ошондой эле 1,5 метр аралыкты деле сактабай эле.

Апрель айында белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев дүйнөдөн өттү. Тажиясына көптөгөн белгилүү адамдар – саясатчылар, аткаминерлер, депутаттар чогулушту. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Маданият миинстри Азамат Жаманкулов алып баруучулукту аркалады. Ошол маалда өзгөчө абал күчүндө болчу, бийлик тажияларды чакан чөйрөдө өткөрүүнү сунуштап жаткан болчу. Албетте, Элмирбек Иманалиев кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болчу, ошондуктан вирусту жуктуруп алуу коркунучуна карабай аны акыркы сапарга узатууга көп киши келди. Бирок факт деген факт, бул абал коомчулукту экиге бөлдү. Бири Иманалиевдин тажиясы коомго маанилүү экенин, карантинге карабастан өтүшү керектигин айтышса, экинчилер мыйзам баарына бирдей экенин жазышты.

Андан соң акын Зайырбек Ажыматовдун жана экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин тажиясы болду, анда да көп киши чогулду. Алардын арасында көпчүлүгү саясатчылар жана аткаминерлер болду.

Эл эмнеге бири чогулса болот дагы башкаларына тыюу салынат деп нааразы болушту, коронавирус адамдардын социалдык абалына карап, киши тандабайт эмеспи дегендер да болду.

Эрежелерди аткаруу боюнча тандалма саясат жүрүп жатканынын дагы бир мисалы “Кайнар” ресторанында Өмүрбек Бабанов эжесине куран окутканы болду. Ал жакка көп киши чакырылыптыр. Прессадан корккондуктан коноктор арткы эшиктен киргизилип жатты. Ал эми ресторанга мэрия айып пул салды. Бирок аны уюштургандар жана катышкандар жазасыз калышты.

Оорунун жайылуусун алдын алып, саламаттыкты сактоо тармагына оорчулук келбөө үчүн кыргыз Өкмөтү тарабынан чектөөлөр коюлду. Бирок өзгөчө абал инфекциянын жайылуусунан сактап бирок өлкө экономикасын кыйратып жатканы түшүнүктүү болгондо карантин алынып, жоопкерчилик элге берилди.

Бирок эл ал жоопкерчиликти сезбей, санитардык эрежелер сакталбагандыктан коронавирустун экинчи толкуну болушу толук ыктымал экени айтылууда. Демек, кайрадан карантин жарыялоого туура келет дагы экономикабыз аны көтөрө албай калышы толук мүмкүн.

Мисалы, Кытайдагы Пекин шаарында коронавирус менен ооруган 49 адам катталган. Оорунун очогу азык-түлүк сатуучу базар болгон. Bloomberg билдиргендей, базарда иштеген жана ал жакка барган ар бир адам текшерүүдөн өткөн. Пекинде инфекциянын жаңы учурлары катталгандыктан аскердик режим киргизилип, ал эми мегаполистеги 11 кварталдын тургундары карантиндик эрежелерди сактап, үйүнөн чыкпай отуруусу керек болду.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.