Өкмөттүн курамында кандай өзгөрүүлөр болору айтылды

Окуялар тизмеги 16 Июн 2020 12:24
0 ой-пикир

Парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү. Ал коалициянын жыйынында өкмөттүн жаңы курамында кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берди.

Бороновдун айтымында, өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев өз эрки менен арыз жазып, кызматтан кеткен. Ал эми анын ордуна Таалайбек Темиралиев келет.

«Мен өзгөчө кырдаалдар министри кезимде бул киши статс-катчы болуп алты жыл чогуу, түшүнүү менен иштешкенбиз. Ал эми кызматын тапшырган Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинен жетекчиси Дастан Догоевдин ордуна Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштап жатабыз. Өкмөттүн башка мүчөлөрү өзгөргөн жок», — деди Боронов.

Ал эми биринчи вице-премьер кызматына экс-депутат Алмаз Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген, ал эми бүгүн, 16-июнда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.