Ата жолун жолдоп, өз кесибинин мыктысы болгон Мирланбек Сатыбеков ой бөлүштү

Окуялар тизмеги 16 Июн 2020 13:46
0 ой-пикир

Бүгүнкү каарман ата жолун татыктуу улаган, кыргыз милициясында өз орду, кесиптештер арасында кадыр-баркы, кылмыштуулукка каршы күрөштө чоң салымы бар инсан. Ал өткөн 2019-жылдын жыйынтыгы менен «жылдын мыктысы» деп табылган ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам чара көрүү борборунун ыкчам нөөмөткери, милициянын полковниги Сатыбеков Мирланбек Батырбекович. Өткөндү эскерип, келечекке баам салган Мирланбек мырза басып өткөн эмгек жолу тууралуу өзү баяндап бермекчи.


АРАШАНДАГЫ БАЛАЛЫК: ЧОҢ АПАМ ЖАНА МЕН..

Мен өзүм аламүдүн районуна караштуу арашан айылында туулуп өстүм. 6-класска чейин борбор шаарыбызда орто мектепте окуп, андан кийинки жылдары айылдагы чоң апамдын колуна барып, ошол жерден 1995-жылы мектепти бүтүрдүм. Менин жашоого болгон көз карашымдын калыптанышына чоң апамдын салымы чоң дейт элем, анткени чоң апам абдан эмгекчил, эртеден кечке жаны тынбаган жан эле. Эч качан анын төшөк тартып жатып калганын көргөн эмесмин. Чоң апам он баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн баатыр эне болчу. Кечке чейин талаада кызылчада иштеп, кечинде үйгө келип балдарынын тамак-ашын белендеп, эртеңки күндүн камында жүргөн чоң апамдын образы кайраттуу, эмгекчил жана мээримдүү эне катары эсимде түбөлүк сакталып калды. айылда биз жашаган үйдө түтүктөн суу ага турган, ага карабай чоң апам бизди койлорду сууга айдатып барып, сугарып келүүгө жумшай турган. Чака менен деле койлорду сугарса болот го деп мен анда балалык кыялым менен жактырбай калчумун, эми ойлосом чоң апам бир жагынан бизди эмгекке тарбияласа, экинчиден малдын камын көргөн тура. Бизди дайыма эмгекчил, ынтымак болууга, кандай гана учур болбосун чындыкты айтууга тарбиялап келген чоң апам куру убаданы такыр жактырчу эмес эле…


ТАРБИЯ БАШАТЫ АТА-ЭНЕДЕН ДЕП БИЛЕМ…

Бүгүнкү күнгө чейин атамдын эртең менен чыкыйып кийинип ишке жөнөп кеткен учурлары көз алдымда турат. Ал кезде Маи кызматындагылардын формасы да бир укмуш болчу. Бир топ жетекчи кызматтарды аркалаган атам бир мүнөздүү, токтоо, тартипти катуу кармаган адам. Ишинде кандай болсо, үйдө деле ошондой болчу. Атам үйгө келгенде баарыбыз зыпылдап жүгүрүп калчубуз, мүмкүнчүлүгү болсо да, ал бизди эрке талтаң кылбай, бекем тартипте өстүрдү. Эсимде, мен биринчи автоунаа айдап жүргөн кезимде атам мага «запорожец» алып берген эле. Атам ал кезде республикалык Маиде батальондун командири болчу. Көчөдө баратсам Маи кызматындагылар тосуп күбөлүктү сурап калышса, документимди көрсөтөм. «Сен батырбектин баласы турбайсыңбы, эмнеге мындай машине айдап жүрөсүң?!»-деп таң калып калышчу.

АТА ЖОЛУН ЖОЛДОГОН УУЛМУН

Атам ардагер полковник Батырбек Сатыбеков өмүр бою ИИМдин Маи тармагында үзүрлүү эмгектенип келген, учурда ардактуу эс алууда. Пта жолун жолдогум келип, 1995-жылы бишкектеги милициянын жогорку мектебине тапшырып, окуп калдым. 2000-жылы ИИМдин Академиясынын биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн ичинде окуумду аяктап, эмгек жолумду Ленин РИИБинде баштадым. Андан кийинки жылдары бишкек шаардык Маи кызматында тескөөчү, ленин риибде аймактык тескөөчү болуп кызмат өтөдүм. 2009-жылдан бери ИИМдин ыкчам чара көрүү борборуна тескөөчү болуп дайындалсам, бүгүнкү күнү ыкчам нөөмөткер кызматын аркалоодомун. Тарбиянын таасириби, атам да чоң апамды тартып абдан эмгекчил, эртеден кечке жаны тынбаган адам. Ардактуу эс алууда жүрсө да, учурда иштеп жүрөт. Атамдын бир туугандары болсо бири-бирине абдан күйүмдүү, бири-бирине кам көрүп, жардамын аябаган өзгөчө бир адамдар. Алардын ынтымагы биз үчүн үлгү: мен да өз бир туугандарымдын ичинде дал ошондой ынтымак болушуна аракет кылып келем. Ошол мезгилде эле көптүрүп коймок экен, көрсө бул нерсе дагы тарбиянын бир үзүмү тура. Мен да балдарымды атамдын жолу менен тарбиялоого аракет кылып келем. Атам ушул күнгө чейин абдан так жүргөн, өз ишин кынтыксыз аткарган жоопкерчиликтүү адам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин атамдын кезинде кантип иштегенин легенда кылып айткан адамдардын жылуу сөздөрүн угуп сыймыктанып келем. Мен үчүн атам –идеал болчу, атамдай болууну каалап, ата жолун жолдогонум бекер жеринен эмес деп билем. Атам мени менен сыймыктанса дейм… Бала кезде атам сүрдүү киши болгондуктан, уялып көп нерсени айта берчү эмесмин. Милиция болуу тилегим бар экенин атама кантип айтаарымды элестетип, минтип сураса, минтип жооп берем деп өзүмдү даярдап жүргөнүм эсимде. Ал кезде видеокамера жаңыдан гана чыгып баштаган эле, атамдыкы бар болчу. Жээндер өзүбүзчө чогулуп алып жезделерибизди туурап, мен болсо формачан атамды туурап пародиялаштырып фильм тарттык. Фильм туугандарыбыздын баарына жаккан болчу. Менден интервью алып жатышып: «келечекте ким болосуң?» деп сураса, мен милиция кызматкери боломун деп жооп берем. «Почему?» десе, «гены, наверное» деп жооп берем анда. Ал фильмди көргөн атакем абдан сүйүнүптүр көрсө. 11-класста окуп жүргөн кезимде атам бир күнү: «балам, окууга кайда барасың, эмне деген ойлоруң бар?» деп сурап калды. Милиция мектебине окууга барарымды айттым. Ошондо атамдын менин оюмду жактырып, кубаттап турганын көзүнөн окуп кубанганым эсимде…

ЖАКШЫЛЫК ЭЭРЧИТКЕН АТАКЕМДИН СӨЗДӨРҮ…

Атам бүгүнкү күнгө чейин бассатурса акыл-насаатын, кеп-кеңешин айтып келет. Ал кеп-кеңештердин чыныгы жашоодо көп эле жолу жардамы тийип келгени турмуш чындыгы. «Тааныйсыңбы, тааныбайсыңбы, колуңдан келип турса эч качан эч кимден жардамыңды аябагын. кийин сага кудай ал нерсени үч эселеп кайтарып берет»-деп атам дайыма айтып калчу. Бул сөз ушунчалык жадымда сиңип калыптыр десеңиз, азыр чейинх бейтааныш адам болсо да жардамга кол сунуп келгеним келген. Сөзүм кургак болбош үчүн бир мисал келтире кетейин. Маи кызматында иштеп жүргөн мезгилимде бир күнү жогорку класста окуган бир окуучу бала айдоочулук күбөлүгү жок эле атасынын автоунаасын айдап чыгып кетип, бизге кармалып калды. Менин деле бир туугандарым бар деп ойлоп, ал балага эмнегедир жардам берип койгум келди. Ага салынган айып пулду өзүм төлөп, автоунаасын токтотуучу жайдан чыгарып бердим. арадан 5-6 жыл убакыт өттү. Бир жолу үйүмдү оңдоп-түзөөдөн өткөрөйүн деп «комфорт» дүкөнүнө дубалга жабыштырчу кагаз (обои) алууга барып калдым. Сатып алган буюмдарыбызды саната келсек, акчабыз жетпей калды. Мен эртең калган тыйынды алып келе турганымды айтып жөнөп калсам, сатуучу бала мени карап: «Мирлан байке, мени тааныбай турасыз ээ. Бир кезде сиз мага жакшылык кылдыңыз эле, мен аны эч качан унутпайм. Сизге жеңилдетип берейин, болгон акчаңызды таштаңыз да, товарды алып кете бериңиз» десе болобу. көрсө сатуучу жигит бир кезде мен жардам берген баягы окуучу бала экен…

ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ НААМЫНА АРЗЫГАНЫМ АТА-ЭНЕМ ҮЧҮН ЧОҢ СЫЙМЫК БОЛДУ

2019-жылдын жыйынтыгы менен «жылдын мыкты нөөмөткери» наамына арзыдым. Менин министрдин колунан сыйлык алганым тууралуу маалыматтар, сүрөттөр интернет айдыңына тарап, аяш атамдар атама чалып куттуктай башташыптыр. Атамдын ошондо: «Менин балам эмес эле, мен жылдын мыктысы болгондой абдан толкундандым» деп чын дилден кубанганына ичимден сүйүндүм. Милициядан өзүмдү таптым, досжар күтүп, үй-бүлөлүү болдум. Тшим бир нукка түшүп, үзүрлүү эмгектенип келе жатам. Ата-энемдин, досторумдун, балдарымдын мени менен сыймыктанганы кубандырат. 25 жылдык иш тажрыйбамда түрдүү окуяларды, түрдүү кырдаалды баштан кечирдим. Бир мисалга токтоло кетсем, Маи кызматында иштеп жүргөндө түнкүсүн бир взвод нөөмөттө турчубуз. Бир жолу орус кишини токтотсок, токтобой өтүп кетти. Кууп баратсак ал жөө үйлөрдү аралай качты. Короонун ичинде чуркап баратып эле бир кезде өнөктөшүм экөөбүз тең чалкабыздан түшсөк болобу, тиги киши болсо качып баратат. Көрсө боюбуз бийик болгону үчүн короодогу кир жайган зымга моюндан илинип калыптырбыз, ага карабай ал кишинин артынан кууп жетип, аны наркологияга алып келдик. ал жердеги медик айым бизди карап: «экөөңөргө эмне болгон, моюнуңар сызык, көгөрүп да калыптыр…», — деп шектүү карап коет десеңиз… Милиция-менин сыймыктанган, сүйгөн кесибим. Элиме ак кызматымды өтөп, «атанын уулу» деген сөздү татыктуу алып жүрсөм деп келем.

Ырысбүбү Сагымбаева,

Сүрөт: Данислан Асамидинов

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.