5 айда бюджеттин кирешеси 11 млрд сомго азайып, чыгашасы 2 млрд сомго көбөйдү

Окуялар тизмеги 15 Июн 2020 16:08
0 ой-пикир

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков акыркы беш айдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, 2020-жылдын беш айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 46 миллиард сомго аткарылды. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 11 миллиард сомго аз. Ал эми чыгаша былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд. сомго көбөйдү.

«Жыл башынан берки беш ай ичинде бюджеттин дефицити 13,3 млрд. сомду түздү. Бул кирешенин азайышына байланыштуу. Беш ай ичинде салыктык жыйымдар 13,2 млрд. сомго азайган. Мунун ичинен 5,5 млрд. сом салык кызматынан, ал эми бажы тармагынан 7,7 млн. сом аз жыйналды. Салык эмес кирешелер жагынан 9 млрд. сом, расмий трансферт 1,1 млрд. сом чыгаша болду» — деди ал.

Амандыковдун айтуусунда, бүгүнкү күндө бюджеттик ишканалардын айлык акылары, пенсия жана жөлөкпулдар 100% төлөндү. Айлык акыга 19,3 млн. сом, ал эми социалдык төлөмдөр үчүн 2,3 млрд. сом төлөндү.

Бюджет тартыштыгын толтуруу үчүн ички жана тышкы булактардан 23 млрд. сом, тышкы донорлордон 18,3 млрд. сом алынган. Мунун ичинен 17 млрд. сом Эл аралык валюта фондунан келген каражат.

Марлен Амандыковдун маалыматына караганда, ушул тапта мамлекеттик казынада 9 млрд. сом калды. 5 млрд. сом бюджетте, калганы атайын каражаттар.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 30,8 млрд сом түшпөй калары алдын ала кабарланган. Өкмөт бул боштукту эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен толтурууну көздөп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.