Президент өлкөнүн жеңил өнөр жай кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги 14 Июн 2020 09:57
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу жеңил өнөр жайынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Жүз миңдеген кызматкерлер эмгектенген жеңил өнөр жайы — өлкөбүздүн экономикасындагы бараандуу орунду ээлөө менен гана чектелбестен, абдан чоң социалдык мааниге ээ.

Ички рыноктогу туруктуу позициясы менен катар, бул тармагыбыз, сырткы рыноктордогу атаандаштыкты ийгиликтүү ишке ашырып, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатып келет.

Мамлекет тарабынан салыктык жана ар кандай экспорттук жеңилдиктерди көрсөтүү аркылуу жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө активдүү түрткү берилүүдө.

Кеңири түрдөгү сапаттуу товарларды чыгаруу менен сиздер өлкөбүздүн социалдык — экономикалык өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуп келесиздер.

Кыска мөөнөттө өндүрүштүн багытын өзгөртүп, жеке коргонуу каржаттарын чыгарууну камсыздаган ишканалардын жамааттарына ыраазылыгымды билдирем.

Жеңил өнөр жайынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ден соолук, ийгиликтерди каалайм!»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.