Милиция кызматкерлери иш таштайт деген маалымат төгүндөлдү

Окуялар тизмеги 14 Июн 2020 22:45
0 ой-пикир

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы райондук бөлүмдөрдүн милиция кызматкерлери иш таштаганы жатат деген маалыматты четке какты.

Эскерте кетсек, Kaktus.media интернет-басылмасы милициядагы жеке булактарына таянып, 15-июндан тартып Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери жумушка чыкпай турганын жазды. Буга өзгөчө абал режиминде иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбей жатканы негиз болгону айтылган. Бул боюнча 13-июнда жыйын болгону да жазылган.

Шаардык милиция күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маселе Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин, тиешелүү документтер Финансы министрлигине жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Ошондой эле милиция штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Буга чейин, ИИМ милиция кызматкерлерине төлөнө турган кошумча акча каражаты өзгөчө абал аяктагандан кийин берилерин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.