Коронавирус кетпей жатып кайра келеби?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 14 Июн 2020 07:35
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Бишкектин көчөлөрүнө көз чаптырсаң эч качан эч кандай коронавирус болбогондой сезилет. Беткап тагынган кимдир бирөөнү кезектирүү деле мүмкүн эмес, ал эми социалдык аралык тууралуу кеп деле кылбай эле койсок болчудай. Пандемия тууралуу кафелердин же дүкөндөрдүн эшигиндеги жазуу гана кабар берип турат.

Башка жагынан алганда борбордогу жашоо мурунку калыбына келе баштады.

Бирок коронавирус эч кайда кеткен жок. Ооругандардын саны күн санап өсүүдө. Эң башкысы медиктер дагы, ооруп калгандар дагы вирусту кайдан жуктуруп алгандарын билишпейт.

Республикалык штабдын жыйынында акыркы убакта үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, конок тоскондон улам ооруну жуктуруп алган учурлар көбөйүп жатканы баса белгиленди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, айрым жарандар тойго же тажияга барып келгенден кийин медиктерге кайрылып, COVID-19 тестин алууну сурангандар кездешүүдө.

Штаб Бишкектеги эпидемиологиялык абалга тынчсызданып жатат. “Статистиканы карасак сандар азайбай эле. Санитардык эрежелер сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүүгө жана талаптарды күчөтүүгө алып келет”, — деди штабдын жыйынында Кубатбек Боронов.

Чындыгында эле статистика кооптуу.

Бирок мисалы, көчөдө беткап тагынып жүрүү эрежесин кантип көзөмөлдөсө болору азырынча түшүнүксүз. Ар бир адамдын артынан милиция кызматкерин кое албайсың дегендей. Ал эми кыргызстандыктардын жоопкерчилигине ишенип болбойт.

Бирок борбор калаада санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга айып пул салынууда. Алар беткап тагынып, унааларынын ичинде дезинфекциялоочу каражаттарды коюуну талап кылышууда. Өзгөчө абал режимине чейин 1000 сом айып пул олуттуу деле сезилбейт эле. Бирок азыр жашоо башка. 2 айга жакын үйдө отуруу көпчүлүк кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин төмөндөттү.

Тилекке каршы, Кыргызстан эле эмес, бардык өлкөлөр экономика менен карантиндин ортосунда тандоо кылуусу зарыл болууда. Тең салмактуулукту табуу өтө оор болууда, анткени жарандардын бейкапар мамилеси бул биздин гана өлкөнүн жашоочуларынын өзгөчөлүгү эмес. Жада калса, өнүккөн Европа өлкөлөрүндө деле үйдө отуруудан чарчаган эл Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарын аткарууну каалашпай эле.

12 миңден ашуун жараны ооруну жуктурган Казакстандын президенти Токаев Twitter аккаунту аркылуу калкка кайрылып, эрежелерди сактоого чакырды. “Өкмөттүк комиссиянын аракеттерине карабастан жарандарыбыз ооруну жуктуруп алып жатышат. Коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн деген коркунуч сакталуу бойдон”, — деди өлкө башчысы.

Өзбекстанда вирусту жуктургандардын саны 4 миңден ашканы менен бийлик 15-июндан тарта жеңилдиктерди берүүгө аргасыз болууда. Кафелер жана ресторандар ачылып, бала бакчалар иштеп, бир катар аймактар арасындагы автобус каттамдары ачылмай болду.

Коңшулар менен салыштырмалуу Кыргызстанда абал туруктуураак. Бирок баары бир учурда эле өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана өлкөлөрдүн президенттери, анын ичинде Кыргызстандын мамлекет башчысы эгерде санитардык эрежелер сакталбаса коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертип келишет. Бул эскертүүлөрдү эске алуу зарыл, себеби өлкөнүн биринчи адамдары бизге караганда көп нерсени билишет эмеспи.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.