Казакстандын саламаттык сактоо министри коронавируска кабылды

Окуялар тизмеги 14 Июн 2020 15:06
0 ой-пикир

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон Covid-19 инфекциясы табылды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

«Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым»- деп жазган министр.

Министр бардык санитардык талаптарды сактаганына карабай коронавирусту жуктуруп алганын айтып, элди карантин эрежелерин сактоого жана беткап тагынып, коомдук жайларда социалдык аралыкка көңүл бурууга чакырды.

Казакстанда ушул тапта 14 496 кишиден COVID-19 вирусу табылды. Бул илдеттен 73 киши каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.