Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

Окуялар тизмеги 14 Июн 2020 12:09
0 ой-пикир

Үстүбүздөгү жылы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга расмий иш сапарын уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевдин жолугушуусунда айтылды.

«Үстүбүздөгү жылга пландалган бир катар эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде, Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиевдин Кыргыз Республикасына расмий сапарын уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Азербайжандын башчысынын Кыргыз Республикасына сапарына карата Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушун аяктоонун маанилүүлүгү белгиленди. Бул сапардын алкагында алардын ачылыш салтанатын өткөрүү пландалган», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Андан тышкары, жолугушууда мамлекеттер аралык саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктарды активдештирүү, атап айтканда, жакынкы арада видеоконференция форматында тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-азербайжан консультацияларын өткөрүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.