Европа Биримдиги-Борбор Азия форматында видеоконференция өттү

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 08:54
0 ой-пикир

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү/Европа комиссиясынын вице-төрагасы Ж. Боррелдин катышуусу менен Европа Биримдиги-Борбор Азия форматында видеоконференция өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Видеоконференциянын жүрүшүндө тараптар Европа Биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө колдонулуп жаткан чаралар, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча кенен пикир алышуу болгон.

Министрликтен белгилешкендей, видеоконференцияда Борбор Азия аймагын Европа менен байланыштыруучу транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланган. Бул контексттен алганда кыргыз тарап Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө чыгуучу Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Грузиянын аймагы боюнча өтүүчү жаңы транспорттук коридордун ачылышы тууралуу маалымат берген.

Европа тарап ЕБ-БА форматында бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө ар тараптан жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Министр Айдарбеков Европа Биримдигинин кризиске каршы күрөштө өзгөчө муктаждыктар үчүн 36 млн евро өлчөмүндө кошумча колдоо көрсөтөрү тууралуу билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирген.

Тараптар Борбор Азияда жана Европада COVID-19дун жайылышына байланыштуу кырдаал турукташкандан кийин Европа Биримдиги-Борбор Азия Биринчи экономикалык форумун Бишкек шаарында уюштуруунун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.