Чукул билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Окуялар тизмеги 13 Июн 2020 17:02
0 ой-пикир

13-16-июнда өлкөдө туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 14-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.