Аялын мойнуна дөнгөлөк илип сабаган зөөкүрдүн видеосу тарады

Окуялар тизмеги 12 Июн 2020 17:16
3 ой-пикир

Социалдык тармактарда аялын байлап, мойнуна дөнгөлөк илип коюп сабаган эркектин видеосу тарады.

Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунун 1969-жылы туулган Б.З. аттуу тургуну үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган.

Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. кече 11-июнда 18:00 чамаларда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

3 ой-пикир “Аялын мойнуна дөнгөлөк илип сабаган зөөкүрдүн видеосу тарады

  1. Чинара

    Кыргызстандын уй булоо кодексине аялдардын укугун коргоо боюнча мыйзамдар киргизилсин деп сунуш бермекмин. Канча аялдардын укугу тебелетип жатат. Эркектер аялдарды базардан мал алгандай алат, мыйзамсыз, жакпаса кетирет башкасын алат. Ал жакпаса дагы башкасын алат. Айрыкча аялы отуп, экинчи турмуш курган эркектер экинчи аялга жоопкерчилик албайт, оз кызыкчылыгы учун аялды пайдаланат. Аялдар азыркы кундо эмоционалдык, психологиялык жана физикалык, сексуалдык жактан кордук коруп жатышат. Мыйзамга озгортуруу киргизуу керек.

  2. Чинара

    Эркектер биринчи турмушу учун, нике алышат. Экинчи уйлонсо нике алышпайт. Бул деген экинчи турмуш аялына жоопкерчилик жок дегенди тушундурот. Эркектер кааланча аял алмаштырса болот. Аялдын психологиялык сезимдери менен ойнойт. Аял нике кагазы жок укугу тебеленип калып эч кимге кайрыла албай кордолуп жатат.

  3. Чинара

    Ошол аял кече супсулуу кыз, азыр балдардын апасы, жана кордук коргон аял. Атасы эмне деп жооп берет балдарына.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.