Мандат тапшыруунун парады. Кезекте — фракция лидери

Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 12:06
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Батырбеков өзү билдирди.

«2015-жылы парламенттик шайлоого баратканда партия жаңы болуп, ар-кимибиз өз дараметибизге жараша шайлоо участкаларын алып, белгилүү бир добуш алуу үчүн иштегенбиз. Менден кийин келе турган Бейшенаалы Нурдинов деген агабыз Бишкекте иштеп, эң көп добуш алган. Бирок партиядагы кээ бир адамдар алган милдетин аткарбай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул киши кезегин күтүп көпкө отуруп калды. Мен «кезегиңиз келсе мен ордумду бошотуп бергенге даярмын» деп айткан элем. Анан ал кишинин кезеги келгендиктен сөзгө туруп бошотуп бердим».

Батырбеков мандатын тапшыруунун дагы бир себеби катары алдыда болчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, буга чейин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов, Жаныбек Исаев жана Руслан Чойбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев дагы өз мандаттарын тапшырган болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.