Ирандан Бишкекке үч кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 09 Июн 2020 09:32
0 ой-пикир

Бүгүн, 8-июнда Бишкекке Ирандан үч кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар «Kish Airlines» авиакомпаниясынын чартердик рейси аркылуу Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен Бишкекке алып келинди.

Учурда бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүүнүн жолдорун издөө жана кайтаруу иштери уланып жатат.

Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери чет өлкөлөрдөн келе албай калган он беш миңге чукул жаран Кыргызстанга жеткирилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.