«Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясы ишинин жыйынтыгын чыгарды

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 13:05
0 ой-пикир

Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынын депутаттары ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздер билгендей биз 2015-жылы “Реформа” аталышындагы 15 демилгеден турган шайлоо алдындагы программабызды сунуштаганбыз. Бүгүнкү күнгө карата биз 13-15 өзүбүзгө алган милдетти ишке ашырдык. Анын ичинен алты мыйзам, Жогорку Кеңештин эки токтому, Өкмөттүн программасына төрт сунуштама даярдалып, андан тышкары 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жеткиликтүү медицинанын өнүктүрүү боюнча бир сунуш киргиздик», – деди фракция лидери Жыргалбек Турускулов.

Ошондой эле фракция мүчөлөрүнүн айрым мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердүүлүгүнө токтолуп: “Соттук-укуктук реформалардын алкагында биз соттордун ишинин ачык-айкындуулугун көтөрүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизип, соттордун телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, алардын калпын чыгаруу детекторунан өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түздүк. Жыйынга катышып жаткан Соттук департаменттин башчысы киргизилген жаңы ыкмалардын натыйдасы тууралуу айтып бере алат. Баарыбызга белгилүү, VI чакырылыштагы парламенттин ишмердүүлүгүнүн алгачкы мезгилдеринде депутаттарга каралган айрым артыкчылыктардын максатка ылайыктуулугун аныктоо багытында талаштар арбын болду. Азыркы тапта кызматтык унаалардан жана жардамчылардан баш тартуудан келип чыккан үнөмдөөнүн көлөмү 100 млн. сомдон ашууда”, – деди Турускулов.   

Андан тышкары, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания негизделгенин айткан фракциянын лидери: “Бүгүнкү күндө 4,5 миң жаран жалпы көлөмү 5 млрд. сомду түзгөн ипотека алды. Бирок, турак-жайга муктаж жарандарыбыз дагы деле арбын экенин белгилегим келет. Биз бир канча жолу бул маселе боюнча жыйын өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияны каржылоону жогорулатуу үчүн каржы булактарын издөө насыянын пайызын төмөндөтүү жана алдын-ала төлөмдүн көлөмүн азайтуу багытындагы бир катар сунуштарыбызды Өкмөткө бердик”, – деп кошумчалады.       

Ал эми “Өнүккөн аймактар – бай мамлекет” чакырыгынын алкагында фракция тарабынан аймактарда жаңы өндүрүштөрдү ачууга өбөлгө түзүү үчүн атайын салыктык режим киргизүү, киреше, жер жана мүлк салыгы боюнча 5-10%га чейин төлөмдөрдү төмөндөтүү сунушталганы айтылды.

Муну менен катар жеке мүлктүн жана бизнестин кол тийбестиги тууралуу, көп тилдүү билим берүү жөнүндөгү мыйзамдар да кабыл алынганын айткан Жыргалбек Турускулов: “Мындан сырткары, биздин “Коопсуз өлкө” чакырыгыбыздын негизинде Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашып, жакшы жыйынтык берип жатат. Менин оюмча Өкмөт аталган долбоор качан өлкөнүн башка аймактарында ишке ашырылаары боюнча маалымат бериши керек. Дагы бир айыл-чарба өндүрүшүн насыялоону жеңилдетүүгө багытталган мыйзамыбыздын алкагында фермерлер 6%дык насыяларды ала башташты” – деди.  

4,5 жылдай, узак убакыт караган кайра калыбына келүүчү энергия булактары тууралуу ири мыйзам долбоору тууралуу сөз кылган фракция лидери: “Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети менен Өкмөттүн тыгыз иш алып баруусунан улам иштелип чыккан. Президент ага 2019-жылдын 24-июлунда кол койду. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу аркылуу энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Алсак, Кыргызстанда 8 млрд. кВт/саат кубаттуулугундагы 87 кичи ГЭС курууга болот. Ушул эле учурда мамлекетибиздин электр энергиясы боюнча жалпы керектөөсү 12 млрд. кВт/саатка барабар”, – деп, суу аз шартта жаңы кубаттуулуктагы электр булактарын киргизүүнүн зарылчылыгына токтолду.  

Сөзүнүн соңунда Жыргалбек Турускулов “Республика-Ата-Журт” фракциясы 2018-жылдан бери 24 жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында Өкмөткө, Башкы прокуратурага, Эсеп палатасына тиешелүү бир катар тапшырмалар берилгенин маалымдады. “Фракциянын чечимдеринин 60%дан ашууну аткарылды. Калган чечимдердин да аткарылып жаткандыгы тууралуу жооптор келүүдө. Менин оюмча бардык чечимдер, анын ичинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү активдештирүү багытында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондко берилген сунуштар милдеттүү түрдө аткарылышы керек” – деди фракция лидери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.