Экс-министр Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши мүмкүн

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 20:01
0 ой-пикир

«Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Чойбеков Руслан Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, тизме боюнча Чойбековдун ордуна Руслан Молдошев келиши керек болчу. Бирок ал талапкерлердин тизмесинен чыгуу тууралуу арыз жазган. Андан кийинки катарга (№61) Замирбек Эсенаманов жазылган. Ал «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болушу мүмкүн.

67 жаштагы Замирбек Эсенаманов 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан кийин Жайыл районунун акими, 2010-2011-жылдары жаратылыш ресурстары министри болуп иштеген. Ал эми 2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тоо-кен компаниясына мыйзамсыз лицензия берген деп айыптап, 1,5 ай убактылуу кармоочу жайда камакта болгон. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан акталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.