Беш айда 20дан ашуун адам сууга чөктү. Бешөө — 12 жашка чыга элек балдар

Окуялар тизмеги 08 Июн 2020 15:09
0 ой-пикир

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын бешөө 12 жашка чыга элек балдар. Былтыр, 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу.

Ал эми 2018-жылы Кыргызстанда 150 адамдын өмүрү кырсыктын ушул түрүнө байланыштуу кыйылган (108и жайкы сезондо), алардын 35и 12 жашка чыга элек балдар. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.