Өзбекстан: коронавирусту жуктургандардын саны 4181, кайтыш болгондор 17 адам

Окуялар тизмеги 07 Июн 2020 16:43
0 ой-пикир

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 181 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 159 учур катталган. Ал эми 21 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн. Бир бейтап каза болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша «кызыл», «сары» жана «жашыл» сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштайт, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантат.

Белгилей кетсек, 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 2007ге жетти. Алардын ичинен 1425 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.