Президент финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги 07 Июн 2020 10:39
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Элибиздин турмуш деңгээлин жакшыртуу — экономиканы өнүктүрүүдөн жана анын технологиялык структурасын жаңылоодон көз каранды, ал эми жашоо сапатын жогорулатуу финансы чөйрөсүнүн натыйжалуулугу жана ачыктыгы менен тыгыз байланышкан.

Ушул максаттарды ишке ашыруу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары катары аныкталган.

Өлкөбүздүн финансылык жана экономикалык туруктуулугун камсыздоого багытталган сиздердин жогорку кесипкөй эмгегиңиздерди коомубуз жогору баалайт.

Бул маанилүү милдетти аркалоо — сиздерден абийирдүүлүктү, Мекенге берилгендик менен кызмат кылууну талап кылат.

Биргеликте жасалган аракеттер менен алдыга коюлган асыл максаттарга жетебиз деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакты-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.