Мирзиёев: Сохтогу окуя кыргыз эли менен достугубузга жана мамилебизге таасир этпеши керек

Окуялар тизмеги 07 Июн 2020 10:54
0 ой-пикир

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-июнда Фергана облусуна барды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, жеринде тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөн. Анда өткөн аптада Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылындагы тургундарынын жаңжалы жөнүндө да сөз болгон.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге таасир этпеши керек деп айткан.

“Акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек арадагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жетиштик. Сохтогу окуя биздин кыргыз эли менен достугубузга, мамилебизге, жалпы пландарыбызга таасир этпеши керек. Биз сабырдуу, чыдамдуу, кайрымдуу болушубуз керек. Кошуна – миң жылдык. Эки эл ийиндеше жашап, бири-бирин сыйлашы керек”, — деди өзбек президенти.

Эскерте кетсек, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш ыргытканы кабарланган. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазган.

Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.