Лукашенко: «Менин досум Рахмон пулемет менен Тажикстандын борборун иретке келтирген»

Окуялар тизмеги 07 Июн 2020 18:43
0 ой-пикир

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко өкмөттүн жаңы курамы боюнча жыйыда Беларусь кайгы-капа көрбөгөн жалгыз постсоветтик өлкө экенин эске салды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазды.

Маалыматка караганда, Лукашенко СССРдин курамындагы айрым өлкөлөрдүн башынан өткөргөн кайгы жана жарандык согуштарды эстеткен. Анын айтымында, бакубаттуу мамлекет үчүн эң башкы дөөлөт бул — тынчтыкты сактоо.

«Биз балдарыбыз жашай ала турган өлкөнү курдук. Бүгүн аны коргогон учур келди. Сиздер көрүп жатасыздар, бизге туш-туштан асылып жатышат… Кайгы көрбөгөн жалгыз постсоветтик өлкө.

Президент Каримов [Өзбекстандын мурунку президенти] Андижанда мамлекеттик төңкөрүш жасоону каалаган миң адамды токтотуп, атканын унутуп калдыңарбы? Баары аны талкуулап, ал эми каза болгондо тизе бүгүп, ыйлашты. Биз мындайды башыбыздан өткөргөн жокпуз, ошондуктан муну түшүнгүбүз келбейт. Биз эстетип коебуз», — деди өлкө башчы.

Лукашенко ошондой эле Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу эстетип: «Акырында, менин досум Рахмон [Тажикстандын президенти] пулемет менен Тажикстандын борборун иретке келтиргени чыкканын эч ким билбейт. Ал жерде канчалаган адам каза болду. «Сакалчандар» менен күрөшкөндөй күрөшүшкөн», — деди Лукашенко.

Эскерте кетсек,  Александр Лукашенко азыркы өкмөттү отставкага кетирүү чечимин кабыл алган. Белоруссиянын мыйзамы боюнча премьер-министрди президент дайындайт. Бирок андан мурда Эл өкүлдөр палатасынын программасын тааныштырып, колдоосун алгандан кийин толук бекийт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.