Тарых сабактары. Кол тийбестик жана артыкчылыктар тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 06 Июн 2020 20:39
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн

Бизде кайсы бир аткаминер укуктары тууралуу кеп кыла баштаганда кол тийбестик темасы талкууга түшөт. Иммунитети жана артыкчылыктары барлар өзүн элита, айрымдары Кудай сезишет. Жалпы эрежелер жана жүрүм-турум тартиптери алар үчүн эмес деп санашат. Ошондуктан абройду сактап калууну кааласак айрым балуулуктарды унутпоо керектигин эске салгым келди.

Илгертен эле эл башкаргандар Мыйзамдарды сыйлап келишкен. Байыртан эле татыктуу адамдар Мыйзамдарды бузушпайт, татыксыз адамдар гана мыйзамды сыйлабаган, төмөнкү деңгээлге түшүшөт деп келишкен. Совет бийлиги орногондон кийин большевиктер өлкөнү карточкага отургузган, себеби акча кагазга айланып, ага эч нерсе сатып алууга мүмкүн болбой калган. Эл ачка болгон. Ал эми швондерлер жана шариковдор өздөрү үчүн ар кандай жеңилдиктерди ойлоп таап, артыкчылыктарга ээ боло башташкан. Мындай кадамдарды Россия мурда билчү эмес, себеби ал өлкө мурда эмгектен жана адамдык сапаттан курулган эле. Кеп атайын кызмат көрсөтүү, атайын тамактануучу жайлар, атайын ооруканалар ж.б. тууралуу болууда. Азыр дагы ушундай болуусун каалагандар аз эмес.

Орто кылымдагы англиялык “коммунист” Джон Болл адамдарды кулдай жумшап, эзип жаткандарды көрүп: “Адам жер айдаганда, Ева токуу менен алек болгондо ким башчы болгон?” деп суроо салып келген. 600 жыл мурда жашаган кечил туура суроо салган.

Байыркы жана орто кылымдарда Мыйзамдан жогору болгон эки гана субъект бар болчу – Кудай жана Падыша. Кудай азыр деле адамдар ойлоп тапкан Мыйзамдардан жогору турат. Бирок Европада буржуазиялык төңкөрүштөр учурунда падышалар Мыйзамдарга баш ийишчү. Алар абсолютту бийликтен кол жууп, Мыйзам бийлигине баш ийишчү. Ошол эле учурда Голландиянын, Англиянын, Франциянын ж.б. өлкөлөрдүн парламенти жарандык укуктарды жарыялап, жарандар Мыйзам алдында баары бирдей экенин билдиришкен. Азыр бул жалпы эреже, эл аралык норма болуп калды. Ал эми падышалардын ордун президенттер жана премьер-министрлер ээледи. Бирок алар Кудай же падыша эмес! Жана азыр бийликти элдин колунан шайлоо аркылуу алышууда, абсолюттук монархиядагыдай Кудайдан эмес!

Теориялык көз карашта тарыхта монархтын абсолюттук кол тийбестиги анын бийликтеги ыйгарым укуктарын байланыштуу болгон. Окумуштуулар жана юристтер падышаны эки башка көз караш менен карашчу: адам катары жана бийлик катары. “Бийлик бар, иммунитет бар, бийлик жок, иммунитет жок” Иммунитеттин юридикалык формуласы ушундай болгон. Мындан төмөнкү нерселер келип чыккан. КРнын Конституциясына ылайык, экс-президентте эч кандай бийлик жок. Демек, иммунитети да болбош керек. Бирок 2003-жылы жазылып, Аксыдагы атыштан кийин кабыл алынган “КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери” тууралуу Мыйзамда экс-президентке абсолюттук кол тийбестик беришкен. Мен 2003-жылдагы Аксыдагы атыштан кийин Конституциянын жаңы редакциясынын айланасындагы талаш-тартышты эстедим. Президентке импичмент жарыялоо алдында ал бийлигин сакташ үчүн депутаттык корпустун катышуусу менен конституциялык жыйын өткөргөн. Бирок талкуу узарып, ыңгайлуу учур колдон чыгарылган дагы президент позициясын кайрадан чыңдоого жетишкен. Натыйжада Конституциянын президентке ыңгайлуу варианты кабыл алынган. Кийин Акаев тактан түштү дагы иммунитет тууралуу чуулуу Мыйзам тууралуу унутуп калышты. Бул маалда КМШнын президенттери көпчүлүктү башкарууну  үйрөнүп, шайлоо жана референдум аркылуу өздөрү каалаган жыйынтыкка жетүүнү билип калышкан.

Тактык үчүн айтып коюш керек, иммунитет кызмат адамдары милдеттерин мыкты аткарыш үчүн берилет. Мисалы, депутат падышаны жана анын саясатын коркпостон сындай алышы үчүн берилет. Мыйзамдарды эффективдүү аткарылышын камсыз кылып, кызматын жакшы аткарышы, аткаруу бийлигин көзөмөлдөө, карапайым калктын жашоосун жакшыртуу үчүн берилет. Иммунитет саясий же кесиптик ишине гана болушу керек. Ал Мыйзамга баш ийбей, казынаны уурдаш үчүн берилген эмес. Мыйзамды бузбайсыңбы, демек, тынч жашайсың. Эч кандай иммунитеттин кереги жок. Иммунитет тууралуу мамлекеттик саясатты ушундай концептуалдык принциптер менен түзүү керек. Ар түрдүү кызмат адамдарынын иммунитети ар кандай болушу ыктымал. Бирок ал өзүм билемдикке жол ачпашы керек.

2003-жылдагы чуулуу Мыйзам, бул тарыхта адамзаттын акылсыздыгы катары тарыхта калат, анткени азыр абсолюттук монархтар дагы абсолюттук иммунитетке ээ эмес. Апендилер деген атка конбош үчүн азыр көп нерсе жакшы жакка өзгөрө баштады – жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолорду өткөрүү, президенттик шайлоо, адамдардын укуктарын сактоо, саясий партияларды түзүү, отставкага кетүү ж.б. Бул биз үчүн өтө актуалдуу, болбосо жоопкерчиликсиз саясатчылар биздин өлкөнү “укуктук жапайычылыкка” кептеп коюудан чарчабай келишет.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.