Жарнама берүүгө тыюу салынат. Facebook мамлекет көзөмөлдөгөн ЖМКнын билдирүүлөрүнө белги коёт

Аалам, Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 15:17
0 ой-пикир

Facebook социалдык түйүнү мамлекеттик көзөмөлдөгү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү менен тайпаларына атайын белги кое баштады.

Компаниядан билдиришкендей, кийинчерээк мындай ЖМКлардын жарнамаларына да атайын белгилер коюла баштайт.

Бүгүнкү күнгө карата ЖМК мамлекетке таандык экендиги тууралуу белгилер Россиянын RT телеканалынын, Кытайдын CCTV телеканалы менен «Синьхуа» агенттиктеринин, Кытай компартиясынын борбордук комитетине таандык «Женьминь жибао» гезитинин баракчаларында пайда болду.

Жыл аягында, АКШдагы президенттик шайлоого жакын мындай басылмаларга өз өлкөсүндөгү колдонуучулар үчүн жарнама берүүгө тыюу салынат. Facebook атайын белгиге ээ болгон уюм социалдык түйүндүн мындай чечими менен макул болбосо, апелляция берсе болорун билдирди.

Бир жыл мурун «Фейсбук» социалдык тармагы жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялаган. Ага ылайык, маселен добуш бербөө тууралуу чакырыктарды жайылтууга болбойт.

Мындай чаралардын башкы максаты — АКШда 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагында жана эл каттоо өнөктүгү учурунда ар кандай будамайлап-бурмалоого жол бербөө болуп саналары айтылган.

Эки жыл мурда «Фейсбук» шайлоого, добуш берүүгө байланыштуу жалган маалымат камтылган жарнамалык материалдарды, билдирүүлөрдү жарыялоого тыюу салган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.