Ысык-Көл облусунун башчысы туристтерге карата коюлган талаптар туурасында айтып берди

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 14:04
0 ой-пикир

Бүгүн, 5-июнда, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев маалымат жыйын берди. Ал быйылкы жайда туристтерге коюла турган талаптар тууралуу айтып берди.

Осмоналиевдин айтымында, облустагы туристтерди тейлей турган жайлардын жетекчилеринин баары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Бардык пансионаттардын, эс алуу жайларынын жетекчилери менен чогулуш өткөрдүм. Анда ар бир туристтерди кабыл алчу жайларда иштегендерди санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери окута турган болду. Алар санитардык эрежелерди атайын адистерден үйрөнүшөт. Эң көп туристтерди кабыл алуу 20-июнда башталат. Азыр кымыз ичип, тоого чыккан туристтер келүүдө. Бирок биз алдыдагы сезонго кызуу даярдык көрүүдөбүз.

1.Чет өлкөдөн жана эпидемиологиялык абалы начар жерден келген жүргүнчүлөр «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик постунда каттоого алынат. Ошондой эле, постто медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилет.

2. Пансионаттар жана башка эс алуучу жайлар эс алууга келген конокторду атайын журналга каттоого алат. Ар бир кардар, бир үй-бүлө мүчөсү болбогон учурда, бөлмөгө жалгыз жайгашышы керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен эрежеге ылайык, бир эс алуучуга 6 чарчы метр жер каралган. 

3. Тамактанууда ашканада бир столдо бирден гана адамдар отурат, эгерде бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болсо, чогуу отурууга болот. Столдордун, отургучтардын ортосунда аралыктар сакталышы керек;

4. Пляжда да эрежелер сакталышы керек, ошол эле аралык. Чечинип, кийинген жайларды администрация улам-улам дезинфекциялап турушу зарыл;

5. Беш күндөн көпкө келген турист болсо, бөлмөсүн 5 күн сайын толук дезинфекция кылуу кажет.

Дагы көп эрежелер иштелет. Муну туристтер да, кабыл алган тараптар да олуттуу кабыл алып сакташы керек», — деди облус башчысы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.