ММК: Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери болуп шайланды

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 11:02
4 ой-пикир

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров шайланды.

Media Center жарыялаган маалыматта, 3-июнда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Ага парламенттин депутаттары Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров, Урмат Самаев, Таабалды Тиллаев, Марлен Маматалиев, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Бакыт Сыдыковдор катышкан. Анда “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүлөрү, партиянын түптөөчүлөрү бир тууган Айбек жана Нурбек Осмоновдор лидерликти тапшырганы белгилүү болду.

Басылманын өздүк булактары кабарлагандай, Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров, Урмат Самаев, Марлен Маматалиев, Таабалды Тиллаевдер “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулган жана парламенттик шайлоого ушул саясий уюм менен аттануу чечимин кабыл алган. Ал эми Мирлан Бакиров партиянын лидерлигине шайланган. 

Эң кызыгы, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, ушул эле партиядан депутат болгон Тынчтык Шайназаров, «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Бакыт Сыдыковдор саясий кеңештин жыйынына башында катышып, Мирлан Бакиров лидерликке шайлангандан кийин чыгып кеткен. Маалыматтарга караганда “Мекеним Кыргызстанга” лидер болуп шайлоого аттанаары кабарланган Төрөбаев Бакировдун лидер болуп шайланганына катуу таарынган дешет.

 “Мекеним Кыргызстан” партиясы күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо негизги күчкө айланары айтылууда.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген.

4 ой-пикир “ММК: Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери болуп шайланды

  1. Кубат.

    Мына сага «ход конем» деп ушуну айтыш керек. Саясатчыларга боорум ооруйт. Туруктуулук өлгөн, сойкулук апогейде. Ал жапкычтай көрүнгөнгө этегин түрө көтөргөн байкуштар. Башка сөзүм жок!

  2. Айтмамат

    Сабаттуулугу жагынан гана эмес, адамдык сапат,ниети боюнча да Нурлан Банкиров,Бакыт Торобаевдар денгээлдери такыр туура келбейт:эл учун башын сайган жигиттер эмес!

  3. Бексултан

    Мирлан Бакиров ушул партиянын лидер болуп коп иштерди кылган бул партиянын колдош керек

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.