ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси ИИМге гуманитардык жардам көрсөттү

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 15:35
0 ой-пикир

Кыргызстандагы Европа Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму (ЕККУ) КР Ички иштер министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ирет ЕККУ ИИМге жогорку сапаттагы атайын жеке коргонуучу костюмдарды жана беткаптарды тапшырган.

«ИИМдин кызматкерлери ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришти. Дүйнөдө жана Кыргызстанда орун алган коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине атайын медициналык каражаттарын тапшырып, бир нече ирет жардамын көрсөтүп келген», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.