Чек арадагы чатакта ок жеген 19 жаштагы сохтук жигиттин абалы оор

Окуялар тизмеги 05 Июн 2020 14:47
0 ой-пикир

31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта ок жеген 19 жаштагы сохтук жигиттин абалы оор. Бул тууралуу анын атасы “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирген. Атын атагысы келбеген жаран баласы жандандыруу бөлүмүндө жатканын айткан.

“Бүгүн (4-июнь) жалпы палатага которобуз деген. Бирок баламды алып чыга элек. Бизди ага киргизбей жатат. Акыркы жолу телефондон сүйлөшкөнүмдө “ата, жашагым келет” деп айтты”, – деген ысымын атагысы келбеген жаран. Азырынча бул жигит кандай октон жабыр тартканы белгисиз.

Эскерте кетсек, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Ал эми «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, экинчи 187 киши жараат алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.