Жээнбеков коронавирустан каза болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 10:22
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза тапкан врач-фтизиатр Альберт Исмаиловдун туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Ош облусунун Кара-Кулжа районунундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медик каза болду. Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта биздин дарыгерлерибиз жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп жатышат. Тилекке каршы, биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык», — деп айтылат маалыматта.

Сооронбай Жээнбеков Альберт Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткарган, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп берген өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын белгиледи.

Мамлекет башчысы Альберт Исмаиловдун жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтуу менен орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.