Жамил Шаршеналиев Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланды

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 13:19
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Жамил Шаршеналиев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, ант берди.

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында жактырылган.

Жыйында Шаршеналиев Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында иштей турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасы  конституциялык сот өндүрүшү аркылуу өз алдынча конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы болуп саналат.

Конституциялык палата он бир судьядан: Конституциялык палатанын төрагасынан, төраганын орун басарынан жана тогуз судьядан турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.