Тарых музейин оңдоодогу коррупция. Прокурор Сапар Исаковго 20 жыл сурады

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 16:46
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө. Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башкы прокурору Үмүт Конкубаева билдиргендей, бүгүнкү отурумда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана зыяндын ордун толтуруу иретинде 247 млн сом төлөтүүнү суранган.

Мамлекеттик айыптоочулар президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салууну суранган.

Эске сала кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.