Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Боронов парламентте маалымат берди

Окуялар тизмеги 04 Июн 2020 17:40
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-июндагы жыйынында депутаттар биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун кыргыз-өзбек чек арасында катталган чыр-чатак тууралуу маалыматын укту.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, чыр-чатак 31-майда саат 12:45те Чечме–Булак суусуна жакын жердеги аныкталбаган тилкеде, Кадамжай районунун Чечме жана Сох анклавынын (Өзбекстан) Чашма айылынын тургундарынын ортосунда болгон. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы бул булак кимге таандык деген талаш жаңжалга алып келген.

«Ошол эле күнү тиешелүү чаралар көрүлүп, анын натыйжасында түнкү саат 11лерде абал турукташтырылды”,- деп белгиледи.Кубатбек Боронов.

Анын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 25 адам жабыркаган, алардын экөө оор абалда. «Жабыркагандар Айдакен шаарында дарыланып жатышат” — деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Баткен облусундагы “Чечме-Автоунаа” өткөрмө пунктунда болгон жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу да айтып берди. Бул жолугушуу 1-июнда өткөн.

«Анда Өзбекстан тараптан бизге үч маселе коюлду. Биринчиси — Риштан районундагы «Кайтпас» постун ачып берүү боюнча. Экинчиси — жайыт, үчүнчүсү — Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. «Кайтпас» посту боюнча өз позициябызды билдирдик. Силер менен чогуу иштеп, эки өлкөнүн комиссияларынын алкагында карап берип, ЕАЭБге мүчө экенибизди да эске алуу менен карайбыз дедик. Бүгүн-эртең ачып беребиз деген сөз болгон жок. Жайыттар боюнча эки облустун — Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилерине тапшырма берилди. Алар маселени талдап, сунуш беришсе карап берели деген жооп айттык. Алар макул болушту. Суу боюнча да мүмкүнчүлүккө жараша карап көрөлү деген жоопту кайтардык», — деп билдирди Боронов.

Ал ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга карата эки маселе көтөргөнүн билдирди:

«Биринчиси — буга чейинки өкмөт аралык комиссиялардын ишин тездетүү. Буга макул болушту. Экинчиси, Сох районунун тегерегиндеги Кыргызстандын эки айылына суу чыкпай калган экен. Маселе жеринен чечилип, биздин айылдарга суу берилди. Чырдын башы болгон Чечме-Булак суусун коңшу тарап өздөрүнө буруп алган экен. Ал мурдагы абалына келтирилди.

20-июнда паритеттик негизде комиссиянын жыйынын өткөрүү пландаштырылып жатат. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери каралат”, — деп кошумчалады Боронов.

Жогорку Кеңештин бул маселе боюнча талкуусу өкмөттүн сунушу менен жабык эшик артында улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.