Өзбекстан: 9 жаңы учур катталды. Жалпы коронавирус жуккандардын саны 3769га жетти

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 16:14
0 ой-пикир

Өзбекстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 3 миң 769 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-июнга карат 9 жаңы учур катталган. Алардын жетөө Ташкент облусунан, ал эми экөө Сырдарыя облусунан аныкталган.

Учурда өлкөдө 3 миң 769 адам илдет жуктурса, анын 2 миң 908и айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 15 бейтап каза болду. 810 бейтап ооруканаларда дарыланууда, алардын онунун абалы оор экендини айтылды.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.