УКМК «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайга расмий кат жөнөттү

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 18:42
0 ой-пикир

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайга КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саймаитинин ишине байланыштуу расмий кат жөнөттү.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы маалымдагандай, катта «Азаттыктын» кыргыз кызматынын журналисттери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун Айеркен Саймаитинин иши боюнча сурак берүүсү үчүн тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган.

«Ведомстволор аралык тергөө тобу коомдук резонанска айланып, депутаттык корпустун жана жарандык коомдун кызыгуусун жараткандыгын эске алуу менен ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Тергөө бир нече жолу «Азаттык» радиосунун журналисттерин суракка алууга жана алардын колундагы, анын ичинде А. Саймаитиден алынган материалдарды алууга аракет кылган. Ошентсе да, А. Саймаитинин ишмердүүлүгү жөнүндө журналисттик иликтөөнүн материалдарын даярдоого түздөн-түз катышкан журналисттер жана аны менен тыгыз байланышта болгондор азыркыга чейин суракка келише элек. Ошондой эле тергөөгө бүгүнкү күнгө чейин толук көлөмдө журналисттик иликтөөнүн убада кылынган материалдары берилген жок.

Буга байланыштуу КР УКМК тергөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жеткирип, ага укуктук баа берүүгө багытталган бардык зарыл тергөө иш-аракеттерин өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн, журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган расмий катты «Эркин Европа/Азаттык үналгысы» медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайга жиберди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК берилген материалдарды мыйзам чегинде тастыктоого жана журналисттерге карата болгон коркутууларга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирип, «Азаттык» радиосунун журналисттеринин коопсуздугун толук камсыз кылууга кепилдик берерин кошумчалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.