Президент жардамчысын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кылып дайындады

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 11:27
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйругуна ылайык Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Алышбаев Калыбек Кеңешович ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, Курманов Абдулазим Айдарович Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчи буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы кызматын аркалаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.