COVID-19 Кыргызстанда: 2 айда вирус 20 адамдын өмүрүн алды

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 13:04
0 ой-пикир

Кыргызстанда 2-апрелде коронавирус жуккан бейтаптын алгачкы өлүмү катталса, 3-июнга карата вирус 20 адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын арасында эки дарыгер бар.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында айрым адамдар вирусту кимден жуктуруп алгандыгын билишпейт. Соңку сутка ичинде коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 26 адамдын төртөө вирусту кайдан жуктурганы такталган жок.

26 жаңы учурдун он беши четтен келген жарандардан арасынан катталган. Дагы 7 учур медициналык көзөмөлгө алынган жарандардын арасынан тастыкталган.

«Ал эми калган 4 учурда вирустун булагы азырынча табыла элек», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары.

Бүгүн өлкөдө COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 1871 адамга жетти. Эӊ көп учур, 582 адам, Бишкек шаарында катталса(анын ичинде Россиядан келген аскерлердин арасынан – 98), эӊ азы, 14 учур, Ысык-Көл облусунда  катталган. Таласта илдет жугузгандар катталган жок.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 бейтап айыктырылып чыгарылган. Бүгүнкү күндө адистештирилген медициналык мекемелерден 1265 адам айыгып чыкты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.