Чечмедеги чек арада кыргыз-өзбек күч кызматтары чогуу көзөмөл кылууда

Окуялар тизмеги 03 Июн 2020 11:39
0 ой-пикир

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме жерлигиндеги чек арада Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдары чогуу кайгуул жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Ага ылайык, учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарындагы кырдаал туруктуу. Эки өлкөнүн чек арачылары эки тараптын укук коргоо органдары менен бирге мамлекеттик чек араны бузуу, чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын күчөп кетишинин алдын-алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу жаңжал чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан алгач 15, кийинчерээк 25 адам түрдүү жараат алгандыгы кабарланган. Алардын арасынан эки адамдын абалы оор экендиги айтылды .

Ал эми Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун маалымдады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.