Өзбекстан: коронавирус жуккан 3718 бейтаптын 15и көз жумду

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 14:12
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-июнга карата коңшу Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 3 миң 718 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус жугузуп алгандардын 2 миң 859у айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 844 адам бейтапканаларда дарыланып жатат. Алардын ичинен 9 бейтаптын абалы оор, 2 бейтаптын абалы абдан оор деп бааланууда.

Коңшу өлкөдө Covid-19 инфекциясынан каза болгондордун саны Кыргызстанга салыштырмалуу азыраак. 2-июнга илдеттен чалдыккан 15 бейтап көз жумган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.