Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 11:15
0 ой-пикир

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргыз жараны жаракат алган.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жергесинде болжол менен саат 01:20да «Ош-Исфана» жолу менен бара жаткан Кыргызстандын 38 жаштагы Б.Б. аттуу жаранынын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык мылтыгынан бир нече ирет ок аткан.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жараны жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Түндө эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон.

Учурда окуя жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Чек ара кызматы билдиргендей, учурда кыргыз-тажик чек арасынын аталган тилкесиндеги абал туруктуу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.