Адвокат депутат Жумалиевдин жыйнаган мүлкүн тизмектеп берди

Окуялар тизмеги 02 Июн 2020 14:42
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев анын мүлкүн ачыктап, коомчулукка ачык кат менен кайрылды.

Ал катты толугу менен өзгөртүүсүз жарыялайбыз.

«Бүгүнкү күндө менин клиентим Кубанычбек Жумалиевге карата болуп көрбөгөндөй жалаа жабуу кампаниясы кулачын жаюуда. Аны каралоо боюнча үч айдан бери туруктуу иш жүргүзүлүүдө. Анын башынан ыплас жугунду куюп, саясый упай топтойбуз деген бир ууч адамдардын айынан профессор, УИАнын академиги, Жогорку Кеңештин депутаты, жети баланын атасы болгон инсандын ондогон жылдар бою мээнет менен топтогон кадыр баркы, жакшы ысмы тебеленүүдө…

Кубанычбек Жумалиев өзүнүн дарегине айтылып жаткан имиштердин баарын жокко чыгарып, жалган айыптоолорго биротоло чекит коюу үчүн ачык жарыялап, анын «көп миллиарддаган» байлыгынын артында чынында эмне турганын көрсөтүү максатында бизге өзүнүн 2006-жылдан тарта 2015-жылга чейинки жүргүзгөн коммерциялык ишмердүүлүгү боюнча документтерин берип жиберген.

Төмөндө Кубанычбек Жумалиевдин мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп турганда бизнес менен алектенбегенин, мамлекеттен эч нерсе албаганын, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө катышпаганын тастыктаган далилдерди келтиребиз.

2005-жылдын мартынан кийин К. Жумалиевде жеке менчик компаниядан сатып алган бир батири жана Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында эки уулуна катталган ар бири 10 000 (он миң) сомдон турган эки жер тилкеси болгон. Жогоруда аталган батирди сатып алуу үчүн каражат булагы болуп зайым эсептелет.

2006-жылдан тарта 2015-жылдын октябрына чейин Жумалиев соода, өндүрүш, илимий –изилдөө иштеринин натыйжаларын өндүрүшкө киргизүү жаатындагы ар кандай багыттардагы ишкерчилик менен алектенген.

2015-жылы ал иштеп турган бардык ишканаларын ишеним негизде башкаруу үчүн башкаруучу компанияларга же жеке адамдарга өткөрүп берген. Бул компаниялардан пайда алуучулар болуп башкаруучу компаниялардын өзүлөрү, же жеке адамдар болуп саналат жана буга байланыштуу аталган ишканалар декларацияларда көрсөтүлгөн эмес.

К. Жумалиев бизнес менен алектенген бул мезгил ичинде ал Кыргызстандагы импорттун ордун басууну камсыз кыла турган өндүрүштү уюштуруу үчүн чет элдик инвесторлорду активдүү тарткан.

Бул максатта төмөнкү ишканалар түзүлгөн:

1. Тоолуу райондордун жана кичи райондордун жашоочулары үчүн пайдалуу болгон 12 саат бою тынымсыз күйүүчү көмүр брикетин өндүрүүнү уюштуруу үчүн Кореялык инвестор менен биргелешкен «Йонтан енерджи Ко, лтд» ЖЧКсы.

2. Кытайлык инвестор менен тоо-кен ишканалары үчүн туура жана туура эмес формаларга ээ жогорку бекемдиктеги майдалоочу болот телолорун өндүрүү боюнча«Первый металлургический комбинат» ЖЧКсы. Учурда бул компания Кыргызстандагы тоо-кен ишканаларына жана цемент заводдоруна болот шарларды ташып жеткирүү менен алектенүүдө. «Первый металлургический комбинат» ЖЧКнын алкагында компания республиканын тоо-кен, энергетика тармактарына инвестицияларды тартуу менен алектенүүдө.

3. Англиялык инвесторлор: «Лайт Хаус инвестментлимитед» компаниясы, «Петролеум ПиЭлСи» ачык компаниялары менен Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Көк-Кыя кокстошуучу көмүр кенин геологиялык жактан изилдөө боюнча биргелешкен «Манас коал» ЖЧКсы түзүлгөн. Бирок лицензиялаштырылган аянттын аймагы боюнча Мамгеология комитети менен талашып-тартышуудан улам узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин инвесторлор кетип калышкан. Учурда Жумалиев ээлик кылуучулардын курамынан чыгып кеткен. Анын үлүшү 6%ды түзгөн, муну ал компания тарабынан анын Кыргызстанда коксхимиялык фабрикаларды уюштурууга жарактуу Кыргызстандагы көмүрдүн жылуулук-физикалык жана химиялык касиеттерин изилдөө боюнча илимий эмгектеринин пайдаланылышы үчүн алган. Чоң-Казат кыймылынын өкүлдөрү уят-сыйытты жыйыштырып коюп, эч бир далили жок айтып жатышкандай, бул компания эч качан оффшордук аймакта катталган эмес, Кыргызстандан акча чыгарып кетүү менен да алектенген эмес.

4. 2006-жылы Ош областынын Өзгөн районундагы Туюк, Карагач кокстошкон көмүр кендеринин базасында коксохимиялык завод куруу максатында кытайлык инвестор менен биргелешкен «Шеньхуа» ЖЧКсы түзүлгөн, бирок компаниянын лицензиясын алып коюшкандыктан, учурда бул ЖЧК иштебей турат. Жумалиев ээлик кылуучулардын курамынан чыгып кеткен.

5. Кытайлык инвесторлор менен жылуу жана бат куралуучу үйлөр үчүн пенополистролдук дубал блокторун чыгаруу линиясын түзгөн. Бул технологиялардын жардамы менен аянты 200 чарчы метр келген үйдү 4 жумушчу бир ай ичинде эле куруп коё алат. Бул идея 2005-жылдан кийин Кыргызстандын жарандарына жер тилкелери активдүү бериле баштаганынан улам ишке ашырылган.

6.Кытайлык инвестор менен кирпич өндүрүүчү завод курулуп, анда 300гө чейинки жергиликтүү жумушчулар иштешүүдө.

К. Жумалиев биздин өлкөдөгү көптөгөн ишкерлерден айырмаланып, билим берүү тармагына абдан көңүл бурууда. Ал тарабынан төмөнкү мекемелер ачылган:

Эл аралык инновациялык технологиялар университети билим берүү мекемеси (2006-жылы түзүлгөн), Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи (2014-жылы түзүлгөн), Кыргыз тоо-кен — геологиялык транспорттук колледжи (24.07. 2015-ж. түзүлгөн), Телекоммуникациялар, экономика жана инновациялык кесиптер колледжи (2007-жылы түзүлгөн, бүгүнкү күнгө ээлик кылуучулардын курамынан чыгып кеткен), Бишкек авиациялык институту (2017-жылы түзүлгөн, учурда жоюлган), академик К. Жумалиевдин Физикалык-математикалык мектеби (2016-жылы катталган, чарбалык жана экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес, учурда Жумалиев ээлик кылуучулардын курамынан чыгып кеткен). Бул мекемелер Кыргызстандын жаштарына билим берүү үчүн жана чет элден студенттерди тартуу максатында түзүлгөн.

Билим берүүчү мекемелердин түзүлүшү К. Жумалиевдин профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги экендигине жана узак жылдар бою Кыргызстандын жогорку окуу жайларында сабак бергендигине байланыштуу болуп эсептелет. Иштеп жаткан ар бир билим берүү мекемесинде 50дөн 300гө чейин окутуучулар иштешүүдө.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө Мыйзамында билим берүү мекемелеринин ээлик кылуучуларынин киреше алуусу каралбаганын белгилей кетүү маанилүү.

Жумалиевдин бизнеси Кыргызстанга жаңы технологияларды жана өндүрүштөрдү түзүүгө, ошондой эле ата мекендик ишкерлерди импорттун ордун баса турган жаңы товарларды өндүрүүчү жогорку натыйжалуу бизнес-багыттар менен иштөөгө үйрөтүүгө багытталган. Бул максатта «Центр трансфера технологий», «Физтех» ЖЧКсы түзүлгөн.

Мындан тышкары, кайрымдуулук жардамын көрсөткөн Коомдук Фонддор түзүлгөн. Тактап айтканда, «Х.А. Рахматулин жана Т.О. Ормонбеков атындагы Эл аралык илимий Фонд» түзүлгөн. 2010-2015 –жылдары КРнын Илимдер Академиясына караштуу Физика жана материалтаануу институнун 35 жашка чейинки жаш окумуштууларын колдоого алган илим жана инновациялардын «Илим» Коомдук Фонду түзүлгөн. Фонд макалаларды илимий журналдарга жарыялоо акысын төлөп турган жана жаш курагы 70тен өйдө, ай сайын дары-дармек сатып алууга муктаж пенсионерлерге колдоо көрсөтүп келген. Фонд институттун 50дөн ашуун кызматкердин ар бирине ай сайын 1000 сомдон төлөп берип турган.

Ноокен цемент заводу боюнча өзүнчө түшүндүрмө бере кетким келет.

2006-жылдан 2015-жылга чейин «Курманбек» ЖЧК компаниясы чалгындоо жана геологиялык изилдөө иштерин, ошондой эле ГКЗга цемент өндүрүү үчүн зарыл болгон чийки заттарды (акиташты, күйгүзүлгөн топуракты, чопокумдуу топуракты, көмүрдү, гипсти, темир кычкылын) ташып жеткирип берүүнү жүргүзгөн жана алардын кендерин кайра иштетүүгө лицензияларды алган. Ошондой эле Жалал-Абад областынын Ноокен районунда цемент заводун куруу үчүн жер аянты алынган. Азыркы учурда курулуштун 30 пайызы бүткөрүлгөн. Башкаруучу компания учурда тампонаждуу жана портланд цементин чыгаруучу заводдун курулушуна жылдык үстөгү 9 пайыздык 12 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя жана зайым алган. Жабдуулар сатып алынган. Курулушту аягына чыгаруу, монтаждоо жана жабдууларды ишке киргизүү үчүн дагы 14 миллион АКШ доллары талап кылынат. Инвестор бар. Өткөн жылы цемент заводунун курулушунда 300дөн ашуун жумушчулар иштеген.

Завод бүткөндөн кийин цемент өндүрүүдө 350дөн ашуун жумушчу туруктуу иштемекчи. Тампонаждык цементтин бүткүл көлөмү кошуна республикалар: Түркмөнстанга, Өзбекстанга, Афганистанга, Казакстанга экспорттолот, анткени Борбор Азияда тампонаждык цемент чыгаруучу завод жок.

Учурда К. Жумалиев жана анын жубайы Р. Аманованын үлүштөрү болгон 50 компаниянын ичинен 36 компания жоюлган же жоюулуу стадиясында турат. Аталган компаниялардын баары болгон мезгилде салыктарды өз убагында төлөп, Социалдык фондко төлөмдөрдү чегерип турушкан, ал эми иштебеген компаниялар нөлдүк отчетторду берип турушкан. Чет элдиктер катышкан өнөктөш компаниялар жоюлганга чейин эсеп-кысап иштерин жана ишмердүүлүктү өзүлөрү жүргүзүшкөн. Иштебеген компанияларда К. Жумалиев ээлик кылуучулардын курамынан чыгып кеткен же чыгууда. Биздин карамагыбызда салыктарды төлөө жана Социалдык фондко төлөмдөрдү чегерүү боюнча карыздардын жоктугун тастыктаган бардык документтер бар.

Акырында айта турган нерсе, биз коомчулук тарабынан мынчалык кеңири жана наркы кымбат бизнести өнүктүрүүгө К. Жумалиев акчаны кайдан алган деген мыйзам ченемдүү суроо тууларын түшүнөбүз. 2006-жылдан тартып компаниялардын ишин камсыз кылууга жана имарат жайларды алууга, башка коммерциялык максаттарга Жумалиев жана анын өнөктөрү тарабынан Кыргызстандын банктарынан 16 миллион доллар суммасындагы насыялар алынган.

2006 -2015 – жылдар ичинде жылдык үстөгү 14төн 27 пайызга чейинки 2 500 000 АКШ доллары өлчөмүндө коммерциялык пайыздагы насыялар алынган. 2015-жылдан тартып азыркы учурга чейин ишенимдик негиздеги башкарууга өткөрүлүп берилген компаниялар тарабынан жылына 8,5дан 12 пайызга чейинки 13 500 000 АКШ доллары суммасында кредит алынган».

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун өкүлдөрүнүн айрым депутаттардын, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Алардын арасында парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да бар.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.