Жээнбеков жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 16:52
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Мээрим» теледолбооруна катышкан — ата-энелеринен ажыраган балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты.

Балдар мамлекет башчынын бала кездеги кыялдары менен каалоолору жөнүндө өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, өз пландары, кызыккан кесиптери тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле алар Президенттин күнүмдүк ишинде туш болгон көйгөйлөр менен алдыга коюлган милдеттерине кызыгып, суроолорду беришти.

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жумушу жана ошондой эле жакындары жөнүндө айтып берди. Президент балдарды коргоо жана колдоо, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатка токтолду.

Балдарга заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүнү каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

Мамлекет башчысы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары Президенттин колунан белек катары ноутбуктарды алышты. Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Сооронбай Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.

Эске салсак, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында «Мээрим» теледолбоорунун авторунан Мамлекет башчысына теледолбоордун катышуучулары менен жолугушуусу боюнча сунуш түшкөн. Белгиленгендей, «Мээрим» теледолбоору ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөтүп, аларга жардам берүүгө даяр адамдарды издөө жолу менен жардам берип келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.