Коронавирус көп катталган Нарында чатыр оорукана пайда болду. ФОТО

Окуялар тизмеги 01 Июн 2020 14:42
0 ой-пикир

Нарын шаарында чатырдан турган оорукана пайда болду.

“Турмуш” басылмасына жарыяланган  маалыматта, бейтаптарды кабыл алуу үчүн атайын чатырлар даярдалууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын жардамы менен 4 чатыр тигилди.

«Оорукананын короосунан 6 автоунаа таштанды чыгарылып, даараткана куруу иши башталды. Ошондой эле кызматкерлердин автоунаасын токтотуучу жай куруу үчүн орун даярдалды. Кирип-чыккан автоунааларды дезинфекциялап өткөрө турган пандус жасоо аракети көрүлүүдө.

Мындан сырткары ооруканадагы бейтаптарга бериле турган тамак-аш үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү жогорулатылды. Оорукананын бөлүмдөрүн тартипке келтирүү аракеттери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Акматова Айнура Бектургановна дайындалган.

Ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчисинин милдетин Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Төлөгөнов Бакыт Талантбекович аткарууда.

Ошондой эле коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык курч кырдаалды жөнгө салууда жардам берүү үчүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин Мусаевич келип иштеп жатат.

Эске сала кетсек, акыркы учурда Нарын облусунда эпидемиологиялык абал оор болуп турат. Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 1-июнда аталган аймакта коронавирус 14 адамдан табылды. Ушуну менен облуста COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 372 кишиге жетти


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.