ТИМ Россиянын кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөргө ортомчу болуу сунушуна жооп берди

Окуялар тизмеги 30 Май 2020 18:05
0 ой-пикир

Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөргө ортомчу болуу сунушуна жооп берди. Министрликтин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаевдин билдирүүсү бүгүн, 30-майда “АКИpress” сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө акыркы жыйынтыкка багытталган эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн өтө маанилүүлүгү белгиленип, “Росия Федерациясы Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы” экени айтылды.

Дыйканбаев кыргыз-тажик чек арасында айрым окуялардын чыгышына чек ара сызыгы юридикалык жактан белгиленип бүтө электиги себеп экенин, бул багытта иш мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйындарында эки тараптуу форматта талкууланып келатканын айтты.

эскерте кетсек, Россия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экенин бул өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынында билдирген.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу Москвага расмий нота жөнөтүлгөнүн өзүнүн расмий сайтына 29-майда жарыялап, ЖККУнун жыйынында бул маселе тууралуу сөз болбогонун, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иши уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иши болуп эсептелерин жана эки тараптуу гана негизде жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле тажик тараптын нотасында Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп келатканы, бул жараянга үчүнчү тарапты тартуунун зарылчылыгы жок экени өзгөчө белгиленгени да жазылды.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. 24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо да чыр чыгып, атышуу болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы андан Тажикстандын чек арачысы жарадар болгонун жазды. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

8-майда чыккан чатакта Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте ооруканада жатат. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.