Ош: милиция кызматкерлери сууга түшкөндөргө жана эс алуучуларга эскертүү берүүдө

Окуялар тизмеги 30 Май 2020 13:19
0 ой-пикир

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды сууга түшкөн учурда коопсуздукту сактоого чакырат, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Алардын маалыматында, бүгүнкү күндө Ош облусунун Ноокат, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун аймагында жайкы каникул убагында жаш өспүрүмдөр арасында күн ысыгандыгына байланыштуу дарыя, көлмөлөргө сууга түшүп жаткандар болуп жатат.

Кырсыктардын алдын алуу максатында райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, райондук билим берүү кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөттөр, мугалимдер жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте эскертүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Ош облусунун аймагында жайгашкан эс алуу жайларында эс алуучулар арасында коронавирус жугуштуу илдетинин жайылуусунун алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык, жеке гигиеналык талаптарды так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.