Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, жети жылга эркинен ажыратылган Икрамжан Илмияновдун адвокаттарынын апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралды.
29-майдагы соттук отурумда соттолуучу Икрамжан Илмиянов жана жабырлануучу тараптын өкүлү көрсөтмө беришти. Ал эми соттук коллегия жарыш сөзгө өттү.
Кийинки соттук отурум 8-июнга саат 09:30га жылдырылды.
Эске сала кетсек, 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган.
Ал акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.
Илмияновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.