“Чоң казаттын” иши: ИИМ соцтармактагы билдирүүсүнөн кийин Канат Хасановду суракка чакыруу оюнан кайтты

Окуялар тизмеги 30 Май 2020 19:53
0 ой-пикир

Белгилүү адвокат, «Чоң Казат» кыймылынын өкүлү Канат Хасанов ИИМге суракка чакырылбай калды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Мени саат 5ке чакырышкан, бирок, Фейсбукка бул тууралуу жазганымдан кийин ИИМнин Башкы тергөө башкармалыгы оюнан кайтып, мени чакырбай калышты. Бул күнү эмес, башка бир күнү деп жазып коюшту», — деп ал түз эфирде бөлүшкөн.

Ошондой эле Хасанов болжолдуу ошол эле маалда анын «досу жана кесиптеши» Бакыт Жумашев ага каршы депутат Кубанычбек Жумалиевдин атынан жазылган арызды алып келип, каттаган. «Чоң Казаттын» лидерлеринин бири берилген материалдардын негизинде кылмыш ишин козгоого болоруна шектенип, бул боюнча эл өкүлүнө кайрылган.

«Троллдорду, каналдарды жалдап эмне эле кыйналып жатасыз? – деген Хасанов. — Жаныңарды коёлук, кудай жалгасын. Капиталдарыңарды мыйзамдаштыргыла, төлөчүнү төлөгүлө, айыбыңарды мойнуңарга алгыла. Салыктарды төлөп, бейкапар жашагыла, алар менин чөнтөгүмө эмес, пенсия, пособияларды төлөгөнгө кетет. Эмнеге эле тырмышып жатасыңар түшүнбөйм, эч нерсе колуңардан келбейт. Кандай иштеп жатканбыз, ошондой эле уланта беребиз биз».

Опубликовано Канатом Хасановым Четверг, 28 мая 2020 г.

Сөзүнүн жыйынтыгында ал Сыймык Жапыкеев да азырынча суракка чакырыла электигин кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин Канат Хасанов «Чоң казаттын» өкүлү катары Ички иштер министрлигинде суралган. Ошол эле күнү саат 17.00гө кайрадан суракка баруу тууралуу кагаз келгенин айткан. Сурактан кийин кармалып калышын белгилеген.

Социалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун өкүлдөрүнүн айрым депутаттардын, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Алардын арасында парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да бар. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.