«Парламенттик шайлоого даярданчу кез келди». Атамбаев абактан кат жолдоду

Окуялар тизмеги 29 Май 2020 08:26
0 ой-пикир

Абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыковду Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жаңы төрагасы болушу менен куттуктап, бардык тарапташтарын анын айланасына биригүүгө үндөдү. Атамбаевдин атынан жазылган кол жазма түрүндөгү мындай кайрылууну мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев өзүнүн «Фейбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Дорогие друзья, обращение Алмазбека Шаршеновича. Готовимся к парламентским выборам все вместе!

Опубликовано Кадырбек Атамбаев Четверг, 28 мая 2020 г.

Кайрылууда «бөлүп-жаргандардан арылып», «ушак-айың, кер-мурду унутуп», «парламенттик шайлоого даярдануунун мезгили келди» деп жазылган.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын жетекчилиги алмашып, саясий кеңешинин курамы өзгөрдү. КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, партиянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө тартылгандыктан кызматынан кетти.

Саясий кеңештин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков КСДПнын төрагасы болуп шайланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.